Ой ордо. Тема: Ош облусун өнүктүрүү багыттары. Видео.

Облус башчысы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коомдук телерадио компаниясынын «Ой ордо» телеберүүсүндө  «Ош облусун өнүктүрүү багыттары» аталышындагы талкууга катышышты.   

Толук маалымат

«Коопсуздук-2022» жана «Түштүк-2022» машыгуулары башталды

   Бүгүн, 24-майда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары башталды.    Машыгуунун ачылышына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, , Куралдуу Күчтөрдү башкаруу органдары, КР Президентинин Ош облусундагы […]

Толук маалымат

Чоң-Алай районунда Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен атайын машыгуу өттү

    Бүгүн, 20-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун машыгуулары бөлүп өттү.     Атайын машыгуулар эки этапта Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана комплекстүү камсыздоого даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу иштеп чыгуу менен өткөрүлдү.     Учурдагы машыгуунун максаты […]

Толук маалымат

Ош облусуна Индиялык инвестор тарабынан ири өндүрүш ишкана куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Индия өлкөсүнөн келген инвестор Исхан Шарманы кабыл алды. Жолугушууда кызматташуу, Ош облусунун аймагына гигиеналык каражаттарды куруучу ишкана куруу, туризм тармагында курулуштарды куруу боюнча сүйлөштү. Ош облусунун башчысы облус аймагында аталган долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, завод жана беш жылдыздуу мейманканага ылайыктуу жер бар […]

Толук маалымат

Президент белеги тапшырылды

     Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 1 миллион сом берди. Белекти тапшыруу аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү […]

Толук маалымат

Ош облусунун башчысы Достук чек ара бекети менен таанышты

    Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жарандардын кайрылуусу интернет айдыңына тараган маалыматтардын негизинде Достук чек ара бекетиндеги абал менен таанышты. Ош облусунун башчысы Өзбекстан Республикасынан жана чет өлкөдөн келген жарандарын тейлөө тартиби, чек ара бекетиндеги тазалык жана чек ара бекетинин сыртында иш жүргүзгөн тейлөө кызматтарынын ишмердүүлүгүн жеринде көрүп, бир […]

Толук маалымат

Араванда тигүү цехи ачылып, эс алуу багы реконструкциядан өткөрүлдү

        Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүндө тигүү цехи ачылып, 50 жумуш оруну түзүлдү. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган тигүү цехинде чыгарылган продукция Россия федерациясына экспорттолот.         Мындан сырткары, Чек-Абад айыл […]

Толук маалымат

Зиядин Жамалдинов ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга 100 000 сом сүйүнчү берди

      Бүгүн, 17-май күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди. Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм ( эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн. Учурда […]

Толук маалымат

Ошто энелер күнү белгиленди

        КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баатыр энелерди куттуктады. «Сиздердин мээримиңиздер адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. […]

Толук маалымат