Ош-Ноокат-Раззаков жолун реконструкциялоо жаз айларында башталат

28-январь күнү Кыргыз Республикасынын транспорт Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жана жол тармагындагы тиешелүү адистер Ош-Ноокат-Раззаков жолунун абалы менен таанышты. Таанышуу учурунда Ош-Ноокат-Раззаков жолунун Ноокат районундагы кооптуу участкаларына реконструкциялоо иштери жаз айларында башталаары, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.

Толук маалымат

Өкүл Өзгөн районуна иш сапары менен барды

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзгөн районунун Жазы айыл аймагына иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундарга көйгөй жараткан маселелер менен жеринде таанышты. Жыйында мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси, жайыттар, төлөнбөгөн салыктар боюнча чечилбеген маселелерди тактоо иштери жүргүзүлдү. Облус башчысы айыл өкмөт башчысына, аппарат кызматкерлерине жумушуна жоопкерчилик түү болуусу керектигин эскертип, мыйзамсыз […]

Толук маалымат

Экологияга зыян келтирип жаткан ишкана текшерилди

Кечээ, 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов,  бирин орун басары Данияр Жаныкулов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкеев жана тиешелүү кызмат жетекчилери Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы даарат кагазын чыгаруучу ишкананы жеринен көрдү. Аталган мекеме тийтиштүү уруксат кагаздары жок иш алып барып, экология зыянын тийгизип жатат деп жергиликтүү тургундар арыз […]

Толук маалымат

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата иш-чаралар өттү

Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда 3-декабрь – эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Аталган салтанатка КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, мекеме жетекчилери жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жардан катышты. Ош облусунун башчысы жарандарга белектерди жана акчалай жардам көрсөтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген […]

Толук маалымат

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 30-ноябрь күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы Жогорку окуу жай ректорлорун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларын кабыл алды. Жыйында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге видео байкоо камераларын орнотуу, билим берүү тармагын санариштертирүү иштерин аягына чыгаруу, сапаттуу интернет менен камсыз кылуу, бүтүрүүчүлөрдү сынактарда даярдоо жана мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго […]

Толук маалымат

10 айда аткарылган жумуштар боюнча район жетекчилери маалымат беришти

Бүгүн, 28-ноябрь күнү Өзгөн, Кара-Суу, Алай жана Араван райондук мамлекеттик администрация башчылара 2022-жылдын 10 айында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат беришти. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана орун басарлары район башчылары менен биргеликте берилген тапшырмалар жана анын негизинде аткарылган жумуштарды талкуулашты.  Ош облусунун башчысы берилген тапшырмаларды жыл аягына чейин аткаруу керектигин билдирип, тапшырмаларды берди.

Толук маалымат

Кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ошто 24-27 ноябрь күндөрү Кикбоксинг боюнча КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган 2-эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке  Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын курама командаларынан 300дөн ашуун спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга белектер жана атайын курлар тапшырылды . Белгилей кетсек, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган Кикбоксинг […]

Толук маалымат

Ноокат районунун кире беришине Флагштог орнотул

   Бүгүн, 21-ноябрь күнү Ноокат районунун кире беришине бийиктиги 41 метр Флагштог орнотулуп, узундугу 15 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын Туусун көтөрүү аземи болуп өттү.    Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Данир Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана тургундар катышты. Белгилей […]

Толук маалымат