«Коопсуздук-2022» жана «Түштүк-2022» машыгуулары башталды

   Бүгүн, 24-майда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары башталды.    Машыгуунун ачылышына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, , Куралдуу Күчтөрдү башкаруу органдары, КР Президентинин Ош облусундагы […]

Толук маалымат

Чоң-Алай районунда Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен атайын машыгуу өттү

    Бүгүн, 20-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун машыгуулары бөлүп өттү.     Атайын машыгуулар эки этапта Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана комплекстүү камсыздоого даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу иштеп чыгуу менен өткөрүлдү.     Учурдагы машыгуунун максаты […]

Толук маалымат

Ош облусунун башчысы Достук чек ара бекети менен таанышты

    Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жарандардын кайрылуусу интернет айдыңына тараган маалыматтардын негизинде Достук чек ара бекетиндеги абал менен таанышты. Ош облусунун башчысы Өзбекстан Республикасынан жана чет өлкөдөн келген жарандарын тейлөө тартиби, чек ара бекетиндеги тазалык жана чек ара бекетинин сыртында иш жүргүзгөн тейлөө кызматтарынын ишмердүүлүгүн жеринде көрүп, бир […]

Толук маалымат

Араванда тигүү цехи ачылып, эс алуу багы реконструкциядан өткөрүлдү

        Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүндө тигүү цехи ачылып, 50 жумуш оруну түзүлдү. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган тигүү цехинде чыгарылган продукция Россия федерациясына экспорттолот.         Мындан сырткары, Чек-Абад айыл […]

Толук маалымат

Ошто энелер күнү белгиленди

        КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баатыр энелерди куттуктады. «Сиздердин мээримиңиздер адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. […]

Толук маалымат

Мыкты мугалимдер аныкталды

Бүгүн, 14- май күнү «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагынын Ош облустук этабы жыйынтыкталды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Жылдын мыкты мугалими-2022 сынагынын Республикалык этабы ушул жылдын сентябрь айында өткөрүлөт. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ош облусунун атынан сынактын республикалык […]

Толук маалымат

Ош облусунун башчысы Алайда сел агызып кеткен көпүрөнү оңдоодо каражат бөлдү

         Бүгүн, 13-май күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө барып, сел алып кеткен көпүрөнүн жана көчкү кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Зиядин Жамалдинов селдин кесепетинен урап түшкөн Будалык айыл өкмөтүндөгү ички көпүрөнү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берип, Өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом […]

Толук маалымат

«Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!»

      Бүгүн, 11-май күнү Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» аталышындагы иш-чара өтүп, 300 ата-энесинен ажыраган, турмуш шарты оор жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына баалуу белектер тапшырылып, сый тамак жана концерттик программа тартууланды. Аталган иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары […]

Толук маалымат

Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасы ирээтке келтирилет

         Бүгүн, 30-апрель күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасына барды. Ош облусунун башчысы Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасында башаламан жайгашкан соода күркөлдү, ажатканаларды, тосмолорлу сүрдүрүп, туристтерге жана конокторду тосууга шарт түзүүнү тапшырды.          Абшыр-Ата […]

Толук маалымат