КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери үч күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына которот

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык, өкүлдүн аппаратынын кызматкерлеринин үч күндүк эмгек акысы Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында атайын эсепке которулат.

Толук маалымат

Ош борбордук штабына жарандар тарабынан 1 113 155 сом чогултулуп, Баткендин атайын эсебине которулду

18-сентябрь саат 16:00гө карата Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Ош борбордук штабына жарандар тарабынан 1 миллион, 113 миң 155 сом чогулду. Аталган каражат Баткен облусунун атайын эсебине которулду. Ош облусу жана Ош шаарынын борбордук штабы ишмердүүлүгүн улантууда. жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Ош шаарынын борбордук аянтында келсеңиздер болот.

Толук маалымат

Оштон Баткенге кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн, 18-сентябрь күнү саат 22:00дө Ош облусу жана Ош шаардык штабы аркылуу Кара-Суу жана Өзгөн райондорунан чогулган гуманитардык жардам Баткен элине жиберилди. Белгилей кетсек, буга чейин Ош борбордук штабы Баткенге 20 жүк ташуучу унаа, Чоң-Алай райондоруна 2 жүк ташуучу унаада гуманитардык жардам жөнөткөн.

Толук маалымат