Зиядин Жамалдиновдун Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушуусу Чоң-Алай районунда жыйынтыкталды

Эл менен жолугушуулар
Бүгүн, 14-апрель күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алыскы Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту. Жыйында алыскы район тургундары Таза суу, жер тилкеси, көмүр, социалдык объектилердин курулушу сыяктуу көйгөйлүү маселелерин айтышты, Ош облусунун башчысы жарандарды түйшөлткөн маселелерди угуп, аны ыкчам чечүү үчүн жыйынга катышкан облустук мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Эске салсак, буга чейин КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун башка райондорунун тургундары менен жолугушкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык Ош облусунун башчысы райондордо жолугушуу өткөрүп, ага 5000ден ашуун жаран катышты. Жалпысынан 500гө жакын суроо берилип, көйгөйлөрду чечүү үчүн жеринде тапшырмалар берилди. Мындан сырткары 1000ден ашуун кат жүзүндө суроолор берилди, аталган каттарга да тиешелүү жооп берилет жана эч бир суроо жоопсуз калбайт.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.