18-сентябрь саат 16:00гө карата Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Ош борбордук штабына жарандар тарабынан 1 миллион, 113 миң 155 сом чогулду. Аталган каражат Баткен облусунун атайын эсебине которулду.
Ош облусу жана Ош шаарынын борбордук штабы ишмердүүлүгүн улантууда. жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар Ош шаарынын борбордук аянтында келсеңиздер болот.