Зиядин Жамалдинов “Ага Хан” фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Эл аралык уюмдар менен

    Бүгүн, 15-апрель күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов “Ага Хан” фондунун дипломатиялык өкүлү доктор Бархат Фазалды кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн аймактык программалардын аткарылышы тууралуу сүйлөшүштү. Ош облусунун башчысы “Ага Хан” фондунун менен мындан ары да тыгыз иштешүү жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү болот деп билдирди. “Алдыбызда облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча көп милдеттер турат. Биз мыйзам чегинде колубуздан келген колдоону көргөзүп, элдерге шарт түзүп беришибиз керек. Ошондуктан биз кызматташууга дайым даярбыз, мындан ары да биргеликте долбоорлорду ишке ашырабыз деген үмүттөмүн» деди-Зиядин Жамалдинов

#Ош_өкүл

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.