Бүгүн, 21-ноябрь күнү Ноокат районунун кире беришине бийиктиги 41 метр Флагштог орнотулуп, узундугу 15 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын Туусун көтөрүү аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Данир Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана тургундар катышты.