Өкүл Өзгөн районуна иш сапары менен барды

Эл менен жолугушуулар

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзгөн районунун Жазы айыл аймагына иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундарга көйгөй жараткан маселелер менен жеринде таанышты. Жыйында мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси, жайыттар, төлөнбөгөн салыктар боюнча чечилбеген маселелерди тактоо иштери жүргүзүлдү.

Облус башчысы айыл өкмөт башчысына, аппарат кызматкерлерине жумушуна жоопкерчилик түү болуусу керектигин эскертип, мыйзамсыз берилген жерлерди кайтаруу жана иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, райондун Дөң-Булак айыл аймагындагы Кара-Дарыянын жээгиндеги  бош жаткан жер аянттары менен таанышып, өздөштүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Аны менен катар атал дарыяга дамба куруу зарылчылыгы бар экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.