Урматтуу мекендештер жана Ош облусунун тургундары!Сиздерди Улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм!Ыйык Орозо айын дүйнө мусулмандары жакшы тилек, чоң үмүт менен күтүшөт. Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, өнүгүп-өсүүсүнө көмөк болуучу тазалануунун, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айында момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садака берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз. Жараткан мекенибизге ынтымак, тынчтык, береке берип, туткан Орозолорубузду кабыл кылсын!
