“Менин мекеним-Кыргызстан”. Ош облусунун мектеп окуучулары арасында кароо-сынак өткөрүлдү

Иш чаралар

Бүгүн, 25-апрель күнү “Менин мекеним-Кыргызстан” аттуу облустук кароо-сынак өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облусунун райондорунан келген мектеп окуучуларынан түзүлгөн 8 команда катышып, Мекенди даңазалаган ырлар, Мекенчилдикке багытталган сахна көрүнүштөрү жана “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” темасында дил баян жазуу боюнча күч сынашты. Кароо-сынак Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлегендерге жана жигердүү катышкан мектеп окуучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кароо-сынактын жыйынтыгы менен мекенге арналган ырлар боюнча:
1-орун Ноокат районун мектеп окуучусу Акбаев Миражидин
2-орун Алай районунун мектеп окуучусу Маликова Эленора
3- орун Кара-Кулжа районунан келген Бегимай Шанкеева ээледи

Мекенчилдикке багытталган сахналык көрүнүш
1-орун Ноокат районунун Н.Исанов орто мектебинин командасы жана Араван районунун Кадыров орто мектеби
2-орун Кара-Кулжа районунун жана Чоң-Алай районунун Аксуу орто мектеби
3-орун Кара-Суу району Эшматов орто мектеби

“Менин сүйүктүү Кыргызстаным” дил баян сынагы
1-орун Чоң-Алай району, Алайчы уулу Саид орто мектебинин окуучусу Нурай Кыргызбаева
2- орун Кара-Суу району, Ак-буура орто мектебинин окуучусу Жумабай кызы Минура
3-орун Кара-кулжа району, Исаев орто мектебинин окуучусу Карыбекова Аяна

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.