Коллегиялык кеңешме өтүп, 3 айдын жыйынтыгын чыгарылды

отчет
         Бүгүн, 28-апрель күнү “Ош облусунун 2022-жылдын I кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы II кварталга милдеттери жөнүндө” болгон коллегиялык отуруму болуп өттү. Иш-Чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Эргешов Алтынбек, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басарлары, Райондук мамлекеттик администрация башчылары, айыл өкмөт башчылары жана облустук мекеме жетекчилери катышты.
         Отурумда 2022-жылдын I кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы II кварталга карата аткарылуучу жумуштар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин чечимдерин жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмаларын аткаруу боюнча айыл өкмөттөрдө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
          Коллегиялык отурумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин чечимдерин жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн актыларын турмушка ашырууну камсыз кылуудагы жана жарандардын кайрылууларын кароодогу иштери жетишсиз табылган бир катар айыл өкмөт башчыларынын кызмат ордун кароо, сөгүш берүү жана эскертүү берүү сунушу берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.