Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасы ирээтке келтирилет

Иш чаралар Ноокат
         Бүгүн, 30-апрель күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасына барды. Ош облусунун башчысы Абшыр-Ата шаркыратмасынын айланасында башаламан жайгашкан соода күркөлдү, ажатканаларды, тосмолорлу сүрдүрүп, туристтерге жана конокторду тосууга шарт түзүүнү тапшырды.
         Абшыр-Ата шаркыратмасына жылына 100 миңдеген коноктор келет. Бирок бул жайда алардын эч алуусуна шарт жакшы эмес. Ошондуктан тез арада биз башаламан жайгашкан соода күркөлүп ирээтке келтирип, ажатканаларды жаңылап, кооздоп шарт түзөбүз»,-деди Зиядин Жамалдинов
        Ош облусунун башчысы соодагерлерди ирээтке келтирип, аларга заманбап павильон курууга, андан кийин ажатканаларды жаңылоого 1 айлык мөөнөт берди. Мындан сырткары, жакынкы жылдары Абшыр-Ата шаркыратмасынын көргөнү келген туристтер үчүн баардык шарттар түзүлөт деп билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.