Алай районундагы сел боюнча.

маалымат
         Бүгүн, 2022-жылдын 3- май күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Алай районунун Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында кокту-колоттордон суу түшүп, сел жүргөн. Сел турак үйлөрдүн короолоруна кирген, жарандар жабыркаган эмес. Ошондой эле Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары жана жарандык коргонуу штабынын өкүлдөр ошондой эле тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда. Ал эми сел алып кеткен көпүрө эки күн ичинде калыбына келтирилет. Селдин кесепетинен келтирилген зыян тууралуу кийинчерээк кененирээк маалымат берилет. Кырдаал КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.