Бүгүн, 6-май күнү катуу жааган жаандан улам Ноокат районунун кээ бир айыл аймактарында сел жүрдү. Ноокат райондук Жарандык коргоону штабы тарабынан белгиленген тартипте селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Ош-Баткен-Раззаков жолунун Бел жана Жаны-Ноокат аймагында аралап өткөн бөлүктөрүндө селдин калдыктарын тазалоо жумуштары жол тейлөө мекемесинин техникасы тартылып, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Учурда аталган жол аркылуу автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Ошондой эле Жаны-Ноокат айыл аймагындагы чагылган түшкөн үйдөн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан жана айыл өкмөтүнөн барышып, кабар алышты. Учурда райондо абал туруктуу.
Эске салсак Көк-Жар, Бел, Жаңы- Ноокат жана Т.Кулатов атындагы айыл аймактарында сел жүрдү. Ошондой эле Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү бир үй бүлөнүн короосуна чагылган түшүп, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян коркунуч келген эмес. Ош облусундагы кырдаал КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.