5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоо

Кайрылуулар

Урматтуу Ош облусунун тургундары жана меймандары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын.
Эгемендүү Кыргызстаныбыздын тарых барактарына кайрылсак, 1993-жылдын 5-майында эл тарабынан жактырылган демократиялык, укуктук мамлекетти курууга багытталган өлкөбүздүн Баш Мыйзамы-Конституция кабыл алынган.
Конституция өлкөнүн жана жарандарынын кызыкчылыктарын, мыйзам таламдарын коргоо үчүн кызмат кылат.Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот.
Урматтуу мекендештер! Сиздерди 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын жана элибизге тынчтык, биримдик, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын!

Зиядин Жамалдинов,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.