Бүгүн, 9-май күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, куттуктады. Ош облусунун башчысы ардагерлерге белектерин тапшырып, аталарга 9-май күнү Жеңиш күнүн тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардегерлери жана оорукта эмгектенген аталар, энелер!
«Жаркын келечек үчүн сиздердин эрдигиңиздердин алдында баш ийип таазим кылабыз. Сиздердин эрдиктериңиздерге татыктуу болуу, майдангер баатырларды, ооруктун баатырларын колдоо жана камкордук көрүү бул биздин ыйык милдетибиз»,деди Зиядин Жамалдинов