Бүгүн, 10-май күнү КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Иш чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары онлайн форматта катышышты.
Ош облусунун тургундары жер, турак жай, жер тилке маселеси, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылышты. Ош облус башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.