«Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!»

Араван Иш чаралар Эл менен жолугушуулар
      Бүгүн, 11-май күнү Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» аталышындагы иш-чара өтүп, 300 ата-энесинен ажыраган, турмуш шарты оор жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына баалуу белектер тапшырылып, сый тамак жана концерттик программа тартууланды. Аталган иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев ж.б. коноктор катышты.
      Кайрымдуулук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почта дарегиңиз жарыяланбайт.