Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун Араван эли менен болгон жолугушууда аталган райондун Мангыт айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Коргон башталгыч мектебинин өкүлдөрү кайрылып, билим уясына компьютер белек кылууну суранган.
Бүгүн, 11-май күнү Ош облусунун башчысы мектеп жамаатынын суранычын аткарып Кызыл-Коргон башталгыч мектебине компьютер белек кылды.
Зиядин Жамалдинов аталган билим уясына мындан ары да компьютер берилээрин жана интернет тартуу маселеси да чечилет деп билдирди.