Зиядин Жамалдинов ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга 100 000 сом сүйүнчү берди

Эл менен жолугушуулар
      Бүгүн, 17-май күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди.
Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм ( эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн.
Учурда ымыркайлардын жана энесинин абалы жакшы жана үйүнө чыгарылды. Алардын ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.