Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүндө тигүү цехи ачылып, 50 жумуш оруну түзүлдү. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган тигүү цехинде чыгарылган продукция Россия федерациясына экспорттолот.
Мындан сырткары, Чек-Абад айыл өкмөтүнүн борборундагы “Жеңиш” эс алуу багы реконструкциядан өткөрүлүп пайдаланууга берилди.