Ош облусунун башчысы Достук чек ара бекети менен таанышты

Иш чаралар Кара-Суу Эл менен жолугушуулар
    Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жарандардын кайрылуусу интернет айдыңына тараган маалыматтардын негизинде Достук чек ара бекетиндеги абал менен таанышты. Ош облусунун башчысы Өзбекстан Республикасынан жана чет өлкөдөн келген жарандарын тейлөө тартиби, чек ара бекетиндеги тазалык жана чек ара бекетинин сыртында иш жүргүзгөн тейлөө кызматтарынын ишмердүүлүгүн жеринде көрүп, бир катар кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
    Мындан сырткары, Достук чек ара бекетинин курулуш иштери менен таанышып, сапатына көңүл буруу зарыл экенин айтты. Курулушчулардын айтымында аталган чек ара бекетиндеги курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айынын башында бүткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.