Президент белеги тапшырылды

маалымат Өзгөн
     Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 1 миллион сом берди. Белекти тапшыруу аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мурат Раматов жана окуучулар катышты.
     Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебинин жетекчилиги бул каражатты балдардын муктаждыктарын жоюуга сарпталып, балдар үчүн көчмө бассейн жана балдар ойноочу аянтчага курууну максат кылып жатышат. Марат Разаков жатак мектеп-интернатында жарты жана тоголок 180ден ашуун балдар тарбияланышат. Аталган мектепке жергиликтүү бийлик тарабынан да жардамдар берилип келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.