Чоң-Алай районунда Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен атайын машыгуу өттү

Иш чаралар Чоң-Алай
    Бүгүн, 20-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун машыгуулары бөлүп өттү.
    Атайын машыгуулар эки этапта Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана комплекстүү камсыздоого даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу иштеп чыгуу менен өткөрүлдү.
    Учурдагы машыгуунун максаты – БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин тыгыз кызматташуусу жана колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык бөлүмдөрүнүн качкындарды кабыл алууга даярдыгын текшерүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында качкындарды кабыл алуу пунктун түзүү, ошондой эле аларды кабыл алуу, уюштуруу, жайгаштыруу жана ар тараптуу гуманитардык жардамдарды көрсөтүү.
   Атайын машыгууга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, КРнын
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, КРнын Энергетика министрлигинин, КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү, өлкөнүн Улуттук Кызыл жарым ай коому жана райондук жарандык коргонуу органдары катышышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.