Ошто “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады

Иш чаралар Ноокат
    Ош облусунун Ноокат, Ош шаары жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондорунда 24-26-май күндөрү өткөрүлгөн “Коопсуздук-2022” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жана “Түштүк-2022” комплекстүү мобилизациялык машыгуулары аяктады.
Машыгуунун жүрүшүндө республиканын аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүлүп, регионго киргизилген аскердик абалдын шарттарында практикалык резервдик роталарды түзүү менен кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттер иштелип чыкты. Ошондой эле Ош, Ноокат жана Ала-Бука районунун резервдик роталары менен күжүрмөн ок атуулары өткөрүлдү.
    Мындан сырткары, машыгуулардын сценарийи боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлду.
Машыгуунун аягында эң активдүү катышуучулар медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.