Алай району

    Алай району — Ош облусунда. Район 1928-ж. Алай-Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн — Алай району жана Чоң Алай району; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай району түзүлгөн. 1992-ж. кайра эки районго — Алай жана Чоң Алай районуна бөлүнгөн. Район облустун эң түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-СууНоокат жана Чоң Алай райондору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 110миң (2020). Борбору Гүлчө шаарчасы. Район 12 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо 1 шаарча (Сарыташ), 57 кыштак бар.

Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосу (эң бийик жери — 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөң, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б.

Алай районун акими

Апбасов Каныбек Сагынбекович

Климаты

    Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы Гүлчө өрөөнүндө -7,5°С, Алай өрөөнүндө -14,4°…-17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9-15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300-500 мм. Ири мөңгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу, Көк-Суу ж. б. Райондун түндүк чыгыш бөлүгүн ж-а орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөң топурак ээлеп, буудайыктуу ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүңгөлүү, бетегелүү ж-а бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой ж-а шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түндүк ж-а чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күңүрт-коңур тоо-токой топурагында) арча ж-а сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп ж-а альп алкактарында субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (итмурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо ж-а көбөйтүү максатында Куршаб суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.

Калкы

    Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деңгээли 20,3ү, өлүм-житим — 41,1ү, табигый өсүш — 16,2ү түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и — эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орточо жыштыгы 1 км жерге 9,0 киши.