Мады айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү жөнүндө маалымат : 08.12.2022-жылга

Административдик географиялык жайгашуусу: Мады айыл өкмөтү 1995-жылы уюшулган. Ош облусунун чыгыш бөлүгүндө, ал эми Кара-Суу районунун түштүк чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүн курамына 11 айыл кирет. Деңиз деңгээлинен 1200-1300 метр бийиктикте жайгашкан.

Калкы:

Айылдардын саны — 11

Кожолуктардын саны — 6760

Айылдардагы калктын саны    – 35365

1.      Кыргыз-Чек                         — 6297

2.      Асан-Чек                              — 6335

3.      Каарман                               — 4363

4.      Учкун                                   — 2040

5.      Жоош                                    — 2407

6.      Октябрь                                — 2585

7.      Чагыр                                   — 2483

8.      Мады                                    — 2924

9.      Социализм                           — 3812

10.   Лаглан                                   — 1242

11.   Тээке                                      — 877

Билим берүү мекемелери:

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны

16

Жалпы билим берүүчү  мектептердин  саны

10

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны

УДТ -2

ФАП-6

Ишканалардын саны:

2

Маданият мекемелеринин саны:

 

Китепканалар

2

Маданият үйү

1

Музей

1

Айыл өкмөттүн башчысы
Олжобаев Уланбек Муркамилович

05.09.1974-жылы  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ош Технологиялык университетинин “Инженердик” факультетин бүтүрүп, Инженер-куруучу адистигине ээ.

Эмгек жолу:                                 

  • 1997-2005-Мады айыл өкмөтүндөгү “Заман” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
  • 2005-2005- Инвестиция боюнча адис
  • 2005-2007-Мады айылдык кеңешинин “Инвестиция боюнча аймактык бирикмесинин бухгалтери
  • 2012- Мады айылдык кеңешинин депутаты
  • 2009-2013-ж.ж. Жеке ишкер “ЧП Олжобаев У”
  • 2013-2021-ж.ж. Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
  • 2021-жылдын июнь айынан баштап Мады айыл өкмөтүнүн башчысы

Байланыш үчүн:

тел: +996 552 32 08 72,   +996 776 320872

Электрондук дареги: ao.mady@mail.ru

Дареги: Кыргыз Республикасы, кара-Суу району, Мады айыл аймагы, Асан-Чек айылы, Алымбек уулу Асанбек көчөсү-17а