Айыл өкмөт жөнүндө маалымат: 14.10.2022-жылга карата
Административдик географиялык жайгашуусу: Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлгөн. Ош облусундагы Өзгөн районунун карамагына кирет. Дөң-Булак айыл өкмөтү деңиз деңгээлинен -1200 метр бийиктикте турат. Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык 50км, жакынкы аэропортко чейинки аралык 77км, аймагы 3782 миң. кв.км ди түзөт.
Айыл өкмөтүнүн аймагы-түндүк тарабынан Жазы дарыясы менен, чыгыш тарабынан Мырза-Аке айыл өкмөтү менен, түштүк-чыгыш тарабынан Кара-Кулжа району менен, түштүк-батыш тарабынан Карадарыя дарыясы менен чектешет. Айыл өкмөтүнүн аймагында Бахмал, Бабаш уулу, Бөксө-Жол, Жаңы-Абад, Дөң-Булак, Карадарыя, Мичурин, Төөлөс, Өзгөрүш, Чымбай айылдары жайгашкан.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары көп улуттан турат. Алар ар дайым бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, улуттук ынтымакчылык менен биримдикте жашап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алып барган саясатын толугу менен колдоп, эмгектенип келүүдө.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундары негизинен мал чарбасы жана айыл чарбасы менен алектенишет. Айыл өкмөтүнүн курамына 10 айыл кирет.
Калкы:
Айылдардын саны:10
Кожолуктун саны —3363 Калктын саны —18802
- Бабаш уулу — 111 кожолук 548
- Бахмал — 360 кожолук 1813
- Бөксө-Жол — 124 кожолук 726
- Дөң-Булак — 600 кожолук 3602
- Жаңы-Абад — 452 кожолук 2616
- Карадарыя — 135 кожолук 573
- Мичурин — 58 кожолук 305
- Өзгөрүш — 709 кожолук 4092
- Төөлөс — 182 кожолук 855
- Чымбай — 632 кожолук 3672
Айыл өкмөтүндө ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт:
- Кыргыз — 10333 — 55,0%
- түрк — 4937 — 26,25%
- өзбек — 3436 — 18,25%
- башка улуттар — 96 — 0,5%
Билим берүү мекемелери:
Мектепке чейинки билим берүү мекемелердин саны: 5
Жалпы билим берүүчү мектептердин саны: 5
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны: 5
Ишканалардын саны: 13
Маданият мекемелеринин саны: 3
Маданият үйү 2
Китепканалар 1
Айыл өкмөттүн башчысы

11.06.1967-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик университетин (юриспруденция) бүтүрүп, юрист адистигине ээ.
Эмгек жолу:
1984-1955 Өзгөн сельхозтехникасы слесарь
1955-1987 Советтик Армия
1990-1993 Тоголок Молдо орто мектеби орус тили мугалими
1993-1994 “Баба-Дыйкан” Ассоциациясынын жаштар комитетинин төрагасы
1994-1995 Дөң-Булак айыл чарба кооперативи төрага
1995-1998 Тоголок Молдо орто мектеби окуу бөлүмүнүн башчысы
1998-2009 Дөң-Булак айыл өкмөтү жооптуу катчы
2009-2022 Дөң-Булак айыл өкмөтү Башчы
Байланыш үчүн:
тел: +996 505 670076, Факс:0(____) _________ Электрондук дареги: aadonbulak@bk.ru Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош обл. Өзгөн району, Бахмал а, И.Жусупов көч. 26.