Жылалды айыл өкмөтү

Административдик географиялык жайгашуусу:  Жылалды айыл өкмөтү райондун  борборунан  8 километр алыстыкта, түштүк батыш тарапта , деңиз деңгээлинен 720 метр жогоруда орун алган, аймагы 4,7 кв.км.                Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун № 207  9-октябрь 1987-жыл Указынын негизинде Өзгөн районунда Жылалды айылдык Совети түзүлүп, анын составына Ильичевка айыл Советинин Жылалды, Кальта, Красный-Маяк, Прогресс калк жашаган пункттары жана Төрт-Көл  айыл Советинен Яссы айылы өткөрүлүп  берилген.                                                                                                                                                                                      Жылалды айылдык Өкмөтү  болуп 1996-жылы уюшулган. Айылдык Өкмөтү боюнча 6  калктуу пункттагы 2449 кожолукта 12012 калк жашайт.  

 

 Айылдар

Кожолук саны

Калк  саны

 
 

1

 Жылалды

826

4556

 

2

Кальта

178

918

 

3

Красный-Маяк

621

3611

 

4

Прогресс

772

2640

 

5

Бото- Мойнок

44

250

 

6

Яссы

8

37

 

 

      Жалпысы

2449

12012

 

 

— Кыргыздар                       94%

— өзбектер,түрктөр ж-б    6 %

— 4356  жумушка жарактуу калк

—   452  пенсионерлер

—     42  майыптар

—  172  кожолук калктын жакыр катмары

—  212  аз камсыздуулук боюнча жөлөк  акча алуучулар.

 

 Айылдык өкмөтүнүн аймагында 4 орто билим берүүчү

Мектептерде 1993   уул-кыздар билим алышат.

Мугалимдердин саны-122

Балдар бакчасы -3

Клуб-1

Китепкана -1

Спорт аянтчасы бар — 4

Спорт зал- 2

Медициналык тейлөө:

 1- үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу,

 3- ФАП

 2- Аптека

Соода сатык жана башка тейлөөү   түйүндөр:

2-ресторан, 16-коомдук тамактануучу ашкана, 5- азык-түлүк дүкөнү  күндөлүк  керектелүүчү  товарлар камоктор -12, 24-электротрансформаторлор, 2- пилорама, 1- ветсервиз, 4- суу кудуктары, суу түтүгүнүн узундугу 19 км. 6- мончо  иштейт.

Коомдук жана өкмөттүк  эмес уюмдар:

1 байланыш бөлүмү  2  кичи ишкана, 5 мечит,  3- таш жылмалоочу кичи завод, 1 АО «Кара-Шоро» , 1 АО кирпич заводу , 4- АЗС,1- мал базар, 1-кичи Дордой базары, 1-труба чыгаручу кичи заводу, 2- машина жуучу жай, 2- май алмаштыруучу жай, 3- пескоблок чыгаруучу кичи заводу бар, 1- машиналарды оңдоочу жай, ЦОН -1

Мал чарбасы:

Бодо мал 2650, кой, эчки- 5020, жылкы- 730, үй канаттуулары- 7230    

Жер аянттары:

Бардык жер 3207 га,  880 га сугат , 2327 га кайрак, 22  га бак-дарак, тыт, 1492 га чөп орок  үлүшкө  берилген жер.

 КБФнын жери:

Бардык жер  976  га анын ичинен 207  га сугат, кайрак 323 га, чөп орок 424    га, жайыт 1519 га.

Техникалар:

Жүк ташуучу автомашина -11, айыл чарба унаалары ( ат араба 551), трактор 54 анын ичинен 1 каз тамандуу 53 дөңгөлөктүү,  жеңил машина 171 бар.

Жылалды айылдык өкмөтүнүн сыймыктуу атуулдары:

Сатыбалдиев Шамши- Кызыл Жылдыз  орденинин ээси; Орозов Ташполот –Ленин  Орденинин ээси;                       «Ардактуу атуул» наамын алгандар – 19

Айыл өкмөттүн башчысы
Джеенбаев Улукбек Рахматилаевич

22.08.1982-ж., Ош облусунун Өзгөн  районунун Дубитель айылында  төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1999-2015-жж. Укук, бизнес жана билим  берүү Академиясы, “Юриспруденция” багыты боюнча юриспруденция бакалавры академиялык даражасы ыйгарылган.                                                       

Эмгек жолу:

12.11.2012-ж. — 11.12.2016-ж.  Өзгөн районунун Жылалды айылдык кеңешинин депутаты          11.12.2016-ж. — 17.06.2021-ж. Өзгөн районунун Жылалды айылдык кеңешинин депутаты    17.06.2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн  башчысы

Байланыш үчүн:

тел: +996 778 200060,   Факс:0(____) _________

Электрондук дареги: mamatova_raxat@mail.ru     

Дареги: Кыргыз  Республикасы, Ош облусу, Өзгөн  району, Жылалды а/о, Жылалды айылы, А. Эсеналиева көчөсү 12