Көлдүк айыл өкмөтү

    Көлдүк айыл өкмөтү Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан.  Айыл өкмөт 2004 жылы айыл өкмөт статусуна ээ болгон. Айыл өкмөттүн жалпы аянты 3,2 км2 түзөт жана жашоочуларынын саны 5346 (2022). Көлдүк айыл өкмөтү райондук борбордон 35 км алыстыкта жана облустук борбордон 93 км алыстыкта жайгашкан. Дениз денгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык 70 км түзөт, ал эми аэропортко чейинки аралык 95 км ди түзөт. Айыл аймагынын курамы  эки гана калктуу конуштан турат: Чалк-Өйдө жана Шамал-Терек айылдары. Көлдүк айыл аймагы тоо чокуларындагы мөңгүлөрдөн жана чакан булактардан куралган Көлдүк дарыясынын жээгинен орун алган. Географиялык жайгашуусу боюнча тоолуу аймакка кирет. Айыл өкмөтү чыгыш жагынан Кара-Кулжа тоолору менен, түштүк жагынан Алтын-Булак, түндүк жагынан Салам-Алик, батыш жагынан Ак-Жар айыл аймактары менен чектешет. Айыл аймакта жаратылышы абдан кооз жерлер коп. Токойлорунда жангак, түркүн мөмө-жемиштер – алма, кара өрүк, долоно, ит-мурундар өсөт.                                                                                                                                                    Көлдүк айыл аймагынын климаттык абалы кышы суук, жайы салкын – континенталдуу климат болуп саналат. Кышында абанын температурасы 20-25 градуска чейин, ал эми жайкы температура 30-35 градуска  чейин жетет.

  1. Шамал–Терек айылы          кожолук  —367,   калктын саны —1473
  2. Чалк-Өйдө айылы                 кожолук —600,    калктын саны —3889

Жалпы жер аянты   3,2мин кв м,

Ишканалар   —     1

ФАПтар          —     2

Мектептер     —     3

Маданият үйү   — 1

Китепканалар   — 1

Айыл өкмөттүн башчысы
Курманкулов Райимберди Аалыевич

1960-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Билими жогорку,     Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1982 – жылы бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими квалификациясын алган.

1982-ж. №14 Ленин атындагы мектеп.

1983-ж. ВЛКСМ 50 жылдык орто мектеби, мугалим 

1984-1987-ж. Д.И. Менделеев мектеби, мугалим.

1987-1989-ж.  Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү, методист.

1989-1995-ж. Д.И.Менделеев мектеби, директор.

1995-1997-ж. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, жаштар жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын төрагасы.

1997-2002-ж. Мырза-Аке айыл өкмөтү, жооптуу катчы.

2002-2009-ж. Мырза-Аке айыл өкмөтү, ВУС инспектор.

2009-2014-ж. Мырза-Аке айыл өкмөтү, башчы.

2014-2016-ж. Өсүмдүктөрдүн сортун сыноочу станциясында директор.

2016-2020-ж. Мырза- Аке айыл өкмөтү, башчы.

2021-ж.          Көлдүк айыл өкмөтү, башчы.

Байланыш үчүн:

тел: +996 772 832422,   Факс:0(____) _________

Электрондук дареги: shermamatov_bektur@mail.ru

Дареги: Өзгөн району, Көлдүк айыл өкмөтү, Шамал -Терек айылы, А.Курманкулов көчөсү,  № 85