Административдик географиялык жайгашуусу: Ленин айыл өкмөтү Алай районуна караштуу, 1996-жылы уюшулган. Деңиз деңгээлинен 1715-3034 метр бийиктикте турат. Административдик имараты райондун борборунан 20 км аралыкта жайгашкан. Ал эми облус борборунан 100 км аралыкта. Аймагынын жалпы аянты 219,6 км2 . Айыл өкмөтүн курамына Согонду, Мурдаш, Куң-Элек жана Гагарин айылдары кирет. 2022-жылдын 1-январына карата жалпы калкынын саны- 8170 адам.
Калкы: 8170
Айылдын саны:4
Кожолуктун саны-1804 Калктын саны-8170
- Согонду айылы — 671 кожолукта 3032 адам
- Мурдаш айылы — 739 кожолукта 3108 адам
- Күң-Элек айылы — 243 кожолукта 1595 адам
- Гагарин айылы -151 кожолукта 435 адам
Билим берүү мекемелери:
Мектепке чейинки билим беруу мекемелдин саны: 4
Жалпы билим берүүчү мектептердин саны: 3
Саламатыкты сактоо мекемелеринин саны: 4
Ишканалардын саны: 0
Маданий мекемелердин саны: 2
Мадания үйү: 1
Китепканалар: 3
Айыл өкмөттүн башчысы

1977-жылы 20-ноябрда Алай районуна караштуу Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Көл-Чаты айылында туулган. 1984-жылы Согонду башталгыч мектебине 1-класска кабыл алынган. 1994-жылы Н. Нарматов атындагы орто мектебин аяктап, 1996-жылы Ош жогорку коледжинин дене тарбия факультетине тапшырган. Аталган факультете 1998-жылы аяктап, 1999-жылы Ош ТУнун экономика факультетине тапшырып 2004-жылы аяктаган.
1999—2000 Бүлөлү баштооч мектеби. дене-тарбия мугалими 2000-2004 Ош облустун статистика башкармалыгы. инспектор 2005 Бүлөлү айыл өкмөтүндө жаштар комитетинин төрагасы, эсепчи, бухгалтер, жер адис кызматкери болуп эмгектенген. 2009-жылы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. 2005-2009-жыл. Аристе иштеген. 2022-жылдын август айынан бери Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы
Байланыш үчүн:
тел: +996 556 365585, Факс:0(____) _________
Электрондук дареги: Lenin_24@list.ru
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу. Алай району Согонду айылы.