Сары-Могол айыл өкмөтү

Администативдик территориясынын жалпы аянты 61764 га. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшү жер шартынын географиялык абалына ыңгайланышкан.

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн курамына Сары-Могол айылы кирип, 1016 кожолук ,же жалпы калкынын саны -5304 адам жашайт.

Сары-Могол айыл өкмөтү райондун админстративдик чек арасынын түштүк бөлүгүндө жайгашып, Алай районунун бийик тоолуу өрөөнүн ээлейт.

Айыл өкмөтүнүн территориясы райондогу Талды-Суу айыл өкмөтү менен чыгыш тарабынан жана түштүк тарабынан Тажик Респуликасынын Мургаб району менен,   түндүк тарабынан Кара-Суу району менен жана батыш тарабынан Чоң-Алай району менен чектешет.

Сары-Могол айыл өкмөтү Тажик Республикасынын  ТБАО Мургаб районунан  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын  9-октябрындагы №695 токтомунун негизинде убактылуу пайдаланууда турган  57,8 миң гектар жер участогун Кыргыз Республикасынын карамагына кайтаруу белгиленген.  Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу  Кыргыз мамжер долбоор иниститутунун  2003-жылдын

6-ноябрындагы №88/п буйругунун негизинде  айылдын социалдык –экономикалык абалын өнүктүрүу боюнча Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 7-октярындагы  №607-р  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттосунун 2003-жылдын 28-ноябрындагы  № 128 буйругунун негизинде,  жана Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын                                                     2003-жылдын 5-ноябрындагы №641 буйругунун негизинде 22 пункуттан турган иш чара кабыл алынган жогоруда көрсөтүлгөн жер учсткаларын тактоо жана Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургундарына Кыргыз Республикасынын  жер кодексинин  7-статиясынын негизинде 50 жылга бөлүп берүү белгиленген ,жана айыл тургундарын жер салыктарынын бардык түрлөрүнөн 5 жылга бошотуу белгиленген.

Сары-Могол айыл өкмөтү 2004- жылы уюшулган.Ош облусунун түштүк бөлүгүндө , ал эми Алай районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн курамына 1 айыл кирет.

Калкы:

Айылдардын саны: 1

    Кожолуктун саны-1016          Калктын саны- 5304

  1. Сары-Могол         -1016 кожолук                      5304

Билим берүү мекемелери:

Мектепке чейинки билим берүү мекемелердин саны:   2

Жалпы билим берүүчү мектептердин саны:                      1

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны:                 1

Ишканалардын саны:                                                              4

Маданият мекемелеринин саны:                                          2

Маданият үйү                                                                               1

Китепканалар                                                                               1

 

Сары-Могол айыл өкмөтүндө Тулпар-Көл туристик зоонасы жайгашкан  анда  4 туристик лагер иш алып барат жылына жай мезгилинде  чет  өлкөлүк туристер эс алып кетишет.

Айыл өкмөттүн башчысы
Анарбаев Кутманали Асатиллаевич

23.06.1985-жылы Ош облусунун  Алай районундагы Сары-Могол  айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, Ош технологиялык  университетин финансы экономика факультетинин(бухгалтердик эсеп жана анализ  адистигин ) бүтүрүп, инженер адистигине ээ

Эмгек жолу:

2008-2011     ОАО МКК “Кампаньон” компаниясы                                                                               насыя берүүчү

2011-2012    МКК “Мол-Булак” компаниясч                                                                                           насыя берүүчү

2012-2016     ЖЧК “Ак Ордо” курулуш компаниясы                                                       жетекчинин  орун басары

2016-2021     ЖЧК “Континент Сервис” курулуш компаниясы                                                       жетекчи

2021-2022     Сары-Могол айыл өкмөтү        Башчы

Байланыш үчүн:

тел: +996 552 511 185, +996 778 591 369

Электрондук дареги: sarymogol.1.kg@mail.ru     

Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош обл.  Алай  району, Сары-Могол айылы Тунгуч  көч. 68.