
Алай району — Ош облусунда. Район 1928-ж. Алай-Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн — Алай району жана Чоң Алай району; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай району түзүлгөн. 1992-ж. кайра эки районго — Алай жана Чоң Алай районуна бөлүнгөн. Район облустун эң түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоң Алай райондору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 110миң (2020). Борбору Гүлчө шаарчасы. Район 12 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо 1 шаарча (Сарыташ), 57 кыштак бар.
Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосу (эң бийик жери — 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөң, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б.

Араван районунун акими
Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович
