Жамалдинов Зиядин Исламович

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Жамалдинов Зиядин Исламович

1966-жылы 12-июнда Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1988-жылы Фрунзе политехникалык институтунун технология факультетин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. 2003-жылы Ж.Баласагын, ОшМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек Жолу:

05.09.1988-30.06.1994-ж. Ош эт-консерва комбинатынын товарлар боюнча адис-бригадири.

01.07.1994-04.09.1995-ж. Ош облусубоюнча алык полиция башкармалыгынынкызматкери.

31.05.1997-25.01.2000-ж. Ош шаардык Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, улук инспектор.

26.01.2000-17.11.2000-ж. Ош облусунун Кара-Суу району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын улук инспектору.

17.11.2000-16.07.2002-ж. Ош облусубоюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын улук инспектору.

17.10.2002-28.03.2003-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык инспекциясынын кадр бөлүмүнүн улук инспектору.

18.04.2003-11.01.2005-ж. КРнын Акыйкатчысынын Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү.

27.03.2005-22.10.2007-ж. Жогорку Кеӊештин III чакырылышынын депутаты.

20.12.2010-24.12.2011-ж КРнын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча

мамлекеттик агенттигинин төрагалыгына дайындалган.

21.12.2007-07.04.2010-ж. Жогорку Кеӊештин IV чакырылышынын депутаты.

28.10.2015-24.08.2020-ж “Ѳнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

22.07.2021-ж Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы мамлекеттик

кенешчиси.