Кара-Кулджа району

    Кара-Кулжа району — Ош облусундагы административдик бирдик. Түндүк жана түндүк-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын облусунун Ат-Башы, батышынан Алай райондору, түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Район 1937-жылы уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 19,6%и). Калкы 99 536 [1] киши (2020). Ооданда 11 айыл өкмөтү, 43 кыштак бар. Борбору — Кара-Кулжа кыштагы. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа жана Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы —780 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-СейитТасырак-Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алай-Куу, Кара-Кулжа, КулунКапчыгайАжыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек жана башка минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар.

Кара-Кулджа районунун акими

Кулубаев Дамир Садырбекович

Проснувшись однажды утром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.

  • Алайку айыл өкмөтү
  • Капчыгай айыл өкмөтү
  • Кара-Гуз айыл өкмөтү
  • Кара-Кочкор айыл өкмөтү
  • Кашка-Жол айыл өкмөтү
  • Кенещ айыл өкмөтү
  • Кызыл-Жар айыл өкмөтү
  • Ой-Тал айыл өкмөтү
  • Сары-Булак айыл өкмөтү
  • Чалма айыл өкмөтү
  • Ылай-Талаа айыл өкмөтү