Чон-Алай

     Совет доору Кыргыз жергесине түптөлүп, Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөнкийин, тактап айтканда 1926-жылдын декабрь айынан тартып Чон-Алай өрөөнүнө алгачкы
уюштуруу иштери башталат. “Кыргыз автономиялуу облусунун мурдагы 4 округ 72 волостунун ордуна, 7 кантон 41 волост түзүлгөн мезгилден башталат. 1927-жылы Ичкилик волосту түзүлүп, анын курамына Чон-Алай айылдык кенеш катары кошулуп, волостун борбору Караван селосу аныкталат. Ал эми, 1928-жылдын 10-декабрында аймактар ирилештирилгендиктен Ичкилик волосту Молотов районунун курамына киргизилет. Азыркы Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан Үч-Коргон кыштагы Молотовабад аталып райондун борбору болуп калат. Чоң-Алай өрөөнүндө административдик айылдык кенешин түзүлүшү менен айыл чарбасын коллективдештирүү, чачкын жайгашкан айыл кыштактарды отурукташкан кыштактарга
көчүрүп ирилештирүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктуу Дароот-Коргон, Чак, Жар-Башы, Кара-Мык, Жекенди сыяктуу чоң кыштактар өсүп чыгат. Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРине айланышы менен 1936-жылы 2-сентябрында Чоң-Алай райондук макамга ээ болот, аны менен кошо Ленин, Молотов, Киров, Калинин, Сталин, колхоздору пайда болот да, көп өтпөй эле Теңдик, Жаш-Тилек, Кызыл-Октябрь, Ворошилов, Кызыл-
Майрам, Кызыл-Туу сыяктуу колхоздору менен толукталат.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президумунун 1958-жылдын 16-июнундагы №315-11/26 токтому менен Чон-Алай району жоюлган. 1992-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен 1958-жылдагы чек аранын негизинде Чон-Алай 18 айылды камтыган район болуп кайрадан түзүлгөн.
     Ош облусунун Чоң-Алай району өлкөбүздүн түштүк аймагында жайгашып, чыгыштан Алай району, батыштан Тажикстан Республикасынын Ляхш району менен чектешет.                                                                                    Бишкек шаарынан Чоң-Алай районуна чейинки аралык 1005км, облустун борборунан райондун борборуна чейинки аралык 320 км алыстыкта жайгашкан. Район 3 айыл аймагына бөлүнүп, 23 айылдан турат. Калкынын саны 35706 адамды түзөт, кожолуктун саны 4268, жер аянты 485736 гектар, мекеме-ишканалардын саны 41, саламаттык сактоодо 1 мекеме, 4 филиал, 14 ФАП бар. Билим берүүдө 1 мекеме, 17 мектеп, 23 мектепке чейинки билим беруу уюму бар. Климаты кескин континенттик, кышы 6-7 айга созулат. Жылдык жаан-чачындын көлөмү 500-650 мм, июлдун орточо температурасы +19-22С, декабрда -10-15С. 

1996-жылдын 25-октябрында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы болуп
түзүлгөн.

Чон-Алай районунун акими

Абыкеев Темирболот Асаналиевич

Чоң-Алай мамлекеттик администрациясынын байланыш номерлери:

Тел:    +996 3237 2-20-09

Факс: +996 3237 2-20-08

E-mail: chon-alai@osh.gov.kg                                                                adm-30@bk.ru

Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош обл. Чон-Алай району, Дароот-Коргон айылы, Ч.Сулайманов к .115