Административдик географиялык жайгашуусу:
Көк-Бел айыл өкмөтү 2002-жылы уюшулуп, Ош облусунун түштүк бөлүгүндө, ал эми Ноокат районунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Көк-Бел айылы Фергана өрөөнүнүн тоо этегинде жайгашып, 1928-жылы түзүлгөн. 2002-жылы 22-февралда Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнөн бөлүнүп, Көк-Бел айыл өкмөтү болуп түзүлгөн. Көк-Бел жана Кайыңды айылдардан турат. Катаал шартуу аймак, Ноокат районунан 30 км, Ош облусунан 75 км алыс жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1830м бийиктикте туруп, жалпы аянты- 8034.
Айыл өкмөтүнүн курамына 2 айыл кирет
Кожолуктун саны-1060 Айылдардагы калктын саны — 8225
- Көк-Бел — 1032 кожолук
- Кайыңды — 28 кожолук
Билим берүү мекемелери:
Мектепке чейинки билим берүү мекемелердин саны: 1
Жалпы билим берүүчү мектептердин саны: 4
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны: 2
Ишканалардын саны:
Маданият мекемелеринин саны: 1
Маданият үйү 1
Китепканалар 1
Музейлер 1
Айыл өкмөттүн башчысы

04.12.1984-жылы Кара-Суу району, Папан айылөкмөтү, Бөрү айылында туулган. Билими жогорку. ОшМУ “Информатикалык системалар жана технологиялары” 2009-ж.Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясы 2011-ж.Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетин 2021-жылы аяктап, Инженер, менеджмент, экономист адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
14.02.2009-25.08.2009-жж Ош МУ МИТ факультети -инженер электрик;
09.04.2012-07.06.2012-жж Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы -жетектөөчү адис;
2012-2016 Папан айылдык кеңеши — депутат;
01.03.2013-31.12.2013-жж Ош шаардык салык кызматы — инспектор;
01.04.2014-08.01.2015-жж Ош шаардык салык кызматы — инспектор;
21.05.2015-01.03.2019-жж Ош шаардык салык кызматы — инспектор;
2016-2020-жж Папан айылдык кеңеши — депутат;
03.05.2020-07.10.2020-жж Ош шаардык салык кызматы — инспектор;
08.10.2020-17.05.2022-жж Ош шаардык бюджет башкармалыгы — маалыматтык технологиялар боюнча башкы адис
17.05.2022-ж Ноокат району Көк-Бел айыл өкмөтү — айыл өкмөт башчы
Байланыш үчүн:
тел: +996 779 84 04 02, Факс:0(____) _________
Электрондук дареги: kokbek_ao@mail.ru
Дареги:Ош облусу Ноокат району Көк-Бел айыл өкмөтү, Көк-Бел айылы, Көк-Бел көчөсү.